Байденден Суданга чакырык
Байден: «Судандыктардын азап чегишине жооптуу тараптарды аскерлерин чыгарып кетүүгө, гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн жеңилдетүүгө жана бул согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырам»
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Судандагы жарандык согуштун тараптарын тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого жана гуманитардык жардамга уруксат берүүгө чакырды.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Жо Байден: «Судандыктардын азап чегишине жооптуу тараптарды аскерлерин чыгарып кетүүгө, гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн жеңилдетүүгө жана бул согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырам»,-деди.
Судандагы жарандарга «ченемсиз түрдө» зыян келтирген кол салуулардын жана өлкөдөгү инфраструктурага олуттуу зыян алып келген бомбалоолордун да токтотулушу керектигин баса белгилеген Байден: «Судандын келечеги үчүн бул жаңжалдын бардык тараптарын зомбулукту токтотууга жана чыңалууну күчөтүүдөн алыс болууга чакырабыз»,- деп билдирди.