Космонавттар космоско барганда жоготкон сөөк тыгыздыгын толук калыбына келтире алышпайт

Guardian гезитинин маалыматына караганда, илимпоздор жерге кайтып келгенден кийин космоско учуп кеткен астронавттардын калыбына келүү процессин иликтеген изилдөөгө киришти.

1851059
Космонавттар космоско барганда жоготкон сөөк тыгыздыгын толук калыбына келтире алышпайт

Космонавттар космоско барганда жоготкон сөөк тыгыздыгын толук калыбына келтире алышпайт.

Guardian гезитинин маалыматына караганда, илимпоздор жерге кайтып келгенден кийин космоско учуп кеткен астронавттардын калыбына келүү процессин иликтеген изилдөөгө киришти.

Изилдөөдө Эл аралык космос станциясынын (ICC) бортунда калган 17 астронавттын билек жана буттарындагы сөөк тыгыздыгы анализденди.

Окумуштуулар 9 астронавттын сөөк тыгыздыгы бир жылдан кийин толук жакшырбаганын жана 10 жылдык сөөк тыгыздыгы кемигенин аныкташкан.

Мындан тышкары 4 жана 7 ай аралыгында ICCде калган астронавттардын калыбына келүү процессинин жайыраак болгону белгиленди.

Биргелешкен ден-соолук институтунун директору доктор Стивен Бойд:"Сиз космосто канчалык көп болсоңуз, ошончолук көп сөөк жоготосуз",-деди.

Изилдөө келечекте Марска баруусу пландалган миссиялар үчүн чоң тынчсызданууну жаратат деп бөлүшүлгөн.

Изилдөөнүн чоо-жайы Scientific Reports журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар