АКШнын Нью-Йорк шаарында маймыл чечек вирусу биринчи жолу адамдан табылды

Билдирүүдө сөз болуп жаткан адам Ооруларды көзөмөлдөө борбору (CDC) тарабынан изоляцияга алынып, дарыланып жатканы маалымдалды.

1830273
АКШнын Нью-Йорк шаарында маймыл чечек вирусу биринчи жолу адамдан табылды

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында маймыл чечек вирусу биринчи жолу адамдан табылганы маалымдалды.

Нью-Йорктун Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсүндө маймыл чечек вирусунун биринчи жолу бир адамда штаттын чегинде табылганы жана бул вирус менен байланышта болушу мүмкүн болгон адамдарга жетүү аракети көрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан адам Ооруларды көзөмөлдөө борбору (CDC) тарабынан изоляцияга алынып, дарыланып жатканы маалымдалды.

Бир тараптан Англия, Испания, Португалия, АКШ, Канада, Швеция, Италия, Франция, Бельгия, Германия, Австралия жана Израилде байкалган маймыл чечек вирусу Швейцарияда да 1 кишиде аныкталды. Жооптуу кызматкерлер борбор шаар Бернде жашаган бир жаранда вируска кабылганын билдирип, бейтаптын үйдө изоляцияда дарыланганын жарыялашты.

Саламаттыкты сактоо органдарынын билдирүүсүндө, бейтап менен байланышы болгон адамдарга маалымат берилгени белгиленип:«Бизге белгилүү болгондой, тиешелүү адам чет өлкөдө вируска кабылган», - деп айтылат маалыматта.

ДССУнун Европа боюнча Регионалдык директору Ханс Клюге вирустун Европага жайылышы уланып жаткандыктан, жакынкы айларда учурлар тездейт деп эскертти.

Эндемикалык вирус себептүү сейрек кездешүүчү оорулардын бири катары белгилүү болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнөт.

Белгилүү болгондой, вирустун Конго штаммы 10 пайызга чейин өлүм коркунучуна ээ, ал эми Батыш Африкада ар бир 2 учурдун биринде 1 пайызды түзөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, сейрек түрдө адамдан адамга жугуучу вирус дене табынын көтөрүлүүсүнө жана кычыштырган ыйлаакчалардын пайда болушуна алып келет.



Тектеш кабарлар