Жаныбардан адамга алгачкы жүрөк трансплантациясы жасалды

Мэриленд ооруканасы тарабынан жасалган билдирүүдө, «биринчи жолу жана өтө эксперименталдык түрдө» жасалган операциядан 3 күн өткөндөн кийин бейтаптын абалы жакшы экени белгиленди.

1760424
Жаныбардан адамга алгачкы жүрөк трансплантациясы жасалды

 

АКШнын Мэриленд штатындагы ооруканада каза болуп жаткан 57 жаштагы жүрөк оорулууга акыркы чара катары чочконун жүрөгү көчүрүлдү.

Мэриленд ооруканасы тарабынан жасалган билдирүүдө, «биринчи жолу жана өтө эксперименталдык түрдө» жасалган операциядан 3 күн өткөндөн кийин бейтаптын абалы жакшы экени белгиленди.

Операция чындап эле иштейби же жокпу билүү үчүн али эрте болгону менен, өмүрдү сактап калуучу трансплантациялар үчүн жаныбарлардын органдарын бир күнү колдонуу «ондогон жылдарга созулган издөөдө алдыга кадам» деп айтылды.

Мэриленд университетинин медициналык борборунун дарыгерлери бул операция генетикалык жактан өзгөртүлгөн жаныбардан алынган жүрөк адамдын денесинде иштей алаарын далилдегенин белгилешти.

Операциядан бир күн мурун жүрөгүн трансплантациялаган Дэвид Беннетт: «Мен бул караңгыда атылган ок экенин билем, бирок бул менин акыркы мүмкүнчүлүгүм»,-деп айткан.

Университеттин жаныбардан адамга трансплантациялоо программасынын илимий жетекчиси доктор Мухаммед Мохиуддин: «Эгер бул иштесе, кыйналып жаткан бейтаптар үчүн бул органдардын чексиз запасы болот»,-деп өз баасын берди.

Мохиуддин буга чейинки аракеттери ийгиликсиз болгонун билдирип: «Бул жолу Мэриленд штатынын хирургдары клеткаларында органдан өтө тез баш тартуусуна жооп берген кантты алып салуу үчүн гендик түзөтүү жасалган чочконун жүрөгүн колдонушту»,-деди.



Тектеш кабарлар