Түрк басма сөзү 28.12.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1753506
Түрк басма сөзү 28.12.2021

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу жарыялады ... Армения менен биринчи жыйын Москвада өткөрүлөт» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Армения жана Түркиянын атайын өкүлдөрүнүн арасында  өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөр тууралуу : «Эки тарап атайын өкүлдөрүн дайындады. Алынган маалыматка караганда биринчи жыйын Армениянын бул багытта бир каалоосу бар, Моквада өткөрүлөт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «TURKOVACка өлкө тышынан талап бар» деген маалыматында Түркия саламаттыкты сактоо институттарынын төрагасы, профессор доктор Эрхан Акдоган чукул түрдө колдонуу уруксатын алган TURKOVACка өлкө тышынан талаптардын бар экендигин, керектүү пландардын түзүлгөндүгүн айтканын кабарлаган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Варанк X-Ray аппараттары АСЕЛСАН тарабынан эми ата мекендик болуп өндүрүлөт» деп жазып өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын  миллиондогон долларлык күндөлүк дефицитке себеп болгон импорттук рентген X-Ray аппараттарынын эми ASELSAN тарабынан жергиликтүү өндүрүлө турганын айтканына токтолгон.

 «Сабах» гезити «Стамбул аэропортторунан ташылган жүк жана соода каттамдары артты» деген маалыматында Стамбулдагы бардык аэропорттордон бул жылдын 11 айлык мезгилинде келип – кетүү каттамдары менен ташылган жүк көлөмүнүн 30 пайызга, аткарылган соода каттамдарынын 45 пайызга өскөндүгүн баса белгилеген.

«Стар» гезити «Улуттук сүзүүчү Эмре Сакчы дүйнөлүк рекордго жетти" деген кабарында улуттук  сүзүүчү Эмре Сакчынын Газиантепте өткөрүлгөн Түркия Шехиткамил Арена клубдар аралык кыска аралыкта өспүрүмдөр жана ачык курактагы сууда сүзүү чемпионатында 50 метр брасста 24,95 көрсөткүч менен дүйнөлүк кыска аралыкта рекордго жеткендигин маалымдаган.  

 

 

 

 



Тектеш кабарлар