Индонезияда жанар тоо жарылып аймакты күл жана түтүн каптады

Лумажанг аймагында 3676 метр бийиктиктеги Семеру жанар тоосунун атылышынан кийин анын айланасындагы калктуу конуштарды жыш күл жана түтүн каптады.

1743069
Индонезияда жанар тоо жарылып аймакты күл жана түтүн каптады

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясындагы Семеру жанар тоосунун атылышынан каза болгондордун саны 13кө жетти.

Лумажанг аймагында 3676 метр бийиктиктеги Семеру жанар тоосунун атылышынан кийин анын айланасындагы калктуу конуштарды жыш күл жана түтүн каптады. Жарылуудан аймактагы 11 айыл түз таасирленди.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин (BNPB) жооптуу кызматкери Абдул Мухари, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жарылуудан кийин 13 кишинин каза болгонун, алардын экөөсүнүн гана аты-жөнү такталганын айтты.

Мухари жарылуудан 98 кишинин жараланганын жана алардын көбүнүн күйүктөн дарыланганын белгиледи.

Бир тараптан түтүн жана күлдөн улам көп айылдын караңгылыкка батканы, 902 кишинин коопсуз аймактарга көчүрүлгөнү белгиленди.

Жарылуудан кийин иштеп жаткан шахтада камалып калган 10 жумушчунун да куткарылганы билдирилди.

Лумажангдын вице-президенти Индах Масдар кечээ күнү катуу күйүк алган бир адам каза болгонун, 41 адам жарадар болгонун жарыялаган.

«Тынч океандын от шакеги» жер титирөө жана жанар тоо тилкесинде жайгашкан Индонезияда 130га жакын активдүү вулкан бар.



Тектеш кабарлар