Кытай Марстагы Чжуронг космостук кемеси жөнөткөн видеолорду бөлүштү

Кытайдын Улуттук космос башкармалыгы (CNSA) май айында Марска конгон Чжуронг космостук кемесинин парашют системасынын ачылышын жана конуу учурун көрсөткөн видеолорун бөлүштү.

1665689
Кытай Марстагы Чжуронг космостук кемеси жөнөткөн видеолорду бөлүштү

Кытай өзүнүн «Чжуронг» космос кемесинин Марска конгонунун видеолорун жарыялады.

Кытайдын Улуттук космос башкармалыгы (CNSA) май айында Марска конгон Чжуронг космостук кемесинин парашют системасынын ачылышын жана конуу учурун көрсөткөн видеолорун бөлүштү.

CSNA билдирүүсүндө, көрүнүштөрдүн роботтун жерге койгон зымсыз камерасы аркылуу жазылганы, «Орбита аппараты жана Марс изилдөөчүсү жакшы иштөөдө, алар Марстан Кытайдын Коммунисттик партиясына (ККП) жана мекенине аман-эсен рапорт берүүдө, партиянын жүз жылдык мааракесине жакындаганда алыстан куттуктоолорун жөнөтүп жатышат»,деген сөздөр колдонулган.



Тектеш кабарлар