Эт жегендерге караганда вегетариандардын ден-соолугу чың

Карлос Селис-Моралес жетектеген изилдөө тобу, вегетариандарда 13 биомаркердин деңгээлинин төмөн болгонун аныкташты.

1638215
Эт жегендерге караганда вегетариандардын ден-соолугу чың

Эт жегендерге караганда вегетариандардын ден-соолукка пайдалуу биомаркерлери бар экени аныкталды.

Healthline сайтындагы жаңылыкка ылайык, Британияда 177 миң 723 дени сак адамга байланыштуу маалыматтарга баа берилген изилдөөнүн жыйынтыктары Европанын Ашыкча салмактуулук боюнча конгрессине сунушталды.

Изилдөөнүн алкагында диетанын, 37 жаштан 73 жашка чейинки курактагы кишилердин канында жана заарасында оору жөнүндө кабар берген биомаркерлердин деңгээлине таасири бар-жогу текшерилди.

Карлос Селис-Моралес жетектеген изилдөө тобу, вегетариандарда 13 биомаркердин деңгээлинин төмөн болгонун аныкташты.

Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана рак илдетинин тобокелдигинин азайгандыгын көрсөткөнү белгиленди.

Адистер жалпы холестеролдон тышкары, боордун иштешине байланыштуу айрым маркерлердин вегетериандарда аз экендигин билдиришти.

Селис-Моралес буга карабастан адамдарга эттерден толук баш тартууну сунуш кылууга болбой тургандыгын баса белгилеп, кызыл эт керектөөнү азайтып анын ордуна омега-3кө бай майлуу балыктар сыяктуу ден-соолукка пайдалуу варианттарга алмаштырууга болорун айтты.



Тектеш кабарлар