Марс тик учагы 4-учууусун ийгиликтүү ишке ашырды

НАСАнын кызматкерлери тик учак акыркы каттамында саатына 13 чакырым ылдамдык менен 266 метр аралыкты басып өткөнүн жарыялады.

1632536
Марс тик учагы 4-учууусун ийгиликтүү ишке ашырды

Америкалык аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) тарабынан Марска жиберилген чакан тик учак Ingenuity 4-учуусун ийгиликтүү аяктады.

НАСАнын кызматкерлери тик учак акыркы каттамында саатына 13 чакырым ылдамдык менен 266 метр аралыкты басып өткөнүн жарыялады.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, саякаттоо 117 секундга созулган жана тик учак Марста чалгындоо кызматкери катары кызмат кыла алгандыгын көрсөткөн.

Ingenuity тик учагын Марска 18-февралда Жезеро кратерине конгон "Perseverance" кемеси жеткирген.



Тектеш кабарлар