Дүйнөнүн эң эски үйлөрүнүн бири табылды

Израилдик жана канадалык иликтөөчүлөр мындан  2 миллион жыл мурункуга таандык таш куралдардын жасалганына байланыштуу калдыктарды ортого чыгарышкандарын билдирди.

1629383
Дүйнөнүн эң эски үйлөрүнүн бири табылды

Израилдик жана канадалык иликтөөчүлөр Түштүк Африкадагы бир үңкүрдөн мындан  2 миллион жыл мурункуга таандык таш куралдардын жасалганына байланыштуу калдыктарды ортого чыгарышкандарын билдирди.

Үңкүр үчүн  «дүйнөнүн эң эски үйлөрүнүн бири»  деген аныктама берилди.

Бул ачылыш Түштүк Африканын Калахари чөлүндөгү белгилүү бир археологиялык аймак болгон Вондерверк үңкүрүндө жасалды.

Израилдик жана канадалык иликтөөчүлөр тарыхтан мурдагы тургундарынын 1, 8 миллион жыл мурда таш куралдарды жасашкандарына байланыштуу далилдерди ортого чыгаргандыгын билдирди. Иликтөөчүлөр аты «Керемет» деп аталган жер астындагы бөлмөдө адамзаттын эң эски далилин табышкандарын белгиледи.

Окумуштуулар табылгалардын «Африка материгиндеги адам эвалюциясынын темпин  түшүнүүгө карата маанилүү бир кадам»,- деп аташууда.



Тектеш кабарлар