Жашаган чөйрөнүн адамдын мээсине таасири аныкталды

Изилдөөнүн алкагында Висконсин штатында жашаган 601 адам 10 жыл бою байкалды.

1625946
Жашаган чөйрөнүн адамдын мээсине таасири аныкталды

Илимпоздордун айтымында, «артта калган конуштардагы» адамдарда мээнин кем акылдыгы (деменция) менен байланышкан региондордо «мээнин кичирейишин» аныкташса, экинчи топто кичирейүү болбогонун көрүштү.

Изилдөөнүн алкагында Висконсин штатында жашаган 601 адам 10 жыл бою байкалды.

Бул контекстте мээнин акыл-эс бузулуулары менен байланышкан бөлүктөрү белгилүү аралыктар менен өлчөнүп, ушул топко эс тутум тесттери сыяктуу бир катар баалоо ыкмалары колдонулган.

Изилдөөчүлөрдүн бири Эми Ж.К.Кинд деменцияны дарылоонун так ыкмасы жок экендигин жана оорунун күчөшүнө чейин айрым козгогуч факторлорду аныктоо маанилүү экендигин белгиледи.

Кинд, адамдар жашаган социалдык, маданий жана физикалык шарттардын «акыл-эс бузулууга» жана «мээнин кичирейишине» таасири бар экендиги жөнүндө канааттандырарлык далилдерди алгандыгын билдирди.

Алардын ачылыштары артта калган калктуу конуштардагы адамдардын акыл-эс кемчилигине көбүрөөк дуушар экендигин көрсөткөндүгүн белгилеген Кинд, абанын булганышы, медициналык жардамга жеткиликтүүлүк, стресстүү жашоо жана туура тамактануу дагы роль ойной тургандыгын айтты.

Изилдөө Американын Неврология академиясынын медициналык журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар