Калп айткандар карегинен аныкталат

Converusтун EyeDetect технологиясы адамдардын жүрөгүнүн кагышын, дем алуу режимин жана алардын тердеп баштаганын көзөмөлдөгөн жалган детекторунан айырмаланып башкача иштейт.

1624333
Калп айткандар карегинен аныкталат

АКШдагы Лехиде жайгашкан Converus аттуу технологиялык компаниясы 90 пайыз тактык менен иштеген полиграф аппаратын сунуштады.

Converusтун EyeDetect технологиясы адамдардын жүрөгүнүн кагышын, дем алуу режимин жана алардын тердеп баштаганын көзөмөлдөгөн жалган детекторунан айырмаланып башкача иштейт.

Конверустун жетекчиси Тодд Микелсон, адамдар дем алууну башкарууну, тынчтанууну жана тердебөөнү үйрөнсө боло тургандыгын билдирди.

Ал, адамдар жасай албаган нерсе, бирөөнүн көзүндө болуп жаткан эрксиз өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө экендигин айтты.

EyeDetect 100гө жакын ар кандай факторлор менен бирге көздүн карегиндеги көлөмүнүн өзгөрүүсүн катташ үчүн көздү байкоочуну колдонуп иштейт.

Калпты аныктоочу машинага чоң кызыгуу көрсөткөн юристтер бул тестти жазык сотторунда колдонууну талап кылышууда.



Тектеш кабарлар