Дүйнөдөгү эң ири мөңгүлүү тоо эрип жок болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук муз борбору Антарктидадан 2017-жылы бөлүнүп чыккан жана болжол менен 6 миң чарчы чакырым аянтты ээлеген А68 мөңгүсү жок болгонун жарыялады.

1624079
Дүйнөдөгү эң ири мөңгүлүү тоо эрип жок болду

Дүйнөдөгү эң ири мөңгүлүү тоо катары белгилүү болгон A68 эрип жок болду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук муз борбору Антарктидадан 2017-жылы бөлүнүп чыккан жана болжол менен 6 миң чарчы чакырым аянтты ээлеген А68 мөңгүсү жок болгонун жарыялады.

Борбордун билдирүүсүндө, A68 бөлүнүп эригенин жана спутник аркылуу көрүүгө болбой калгандыгы белгиленген.

A68 Антарктида жарым аралынын четиндеги Ларсон С муз текчесинен келип чыккан жана бир жыл бою дээрлик жылган эмес. Бирок кийинчерээк катуу агым менен шамалдан улам түндүктү көздөй жыла баштаган.

Өткөн жылы Британиянын Коргоо министрлигине таандык транспорттук учак тарткан сүрөттөрдө, дүйнөдөгү эң ири мөңгүнүн акыркы 3 жылда 1800 чарчы чакырым эригени байкалган.

Мөңгүнүн жана суу алдындагы туннелдердин көптөгөн жаракаларын чагылдырып, айсбергдин уламдан-улам ыраатсыз болуп жаткан кыймылын байкоо үчүн дагы бир транспорттук учак аймактын үстүнөн төмөн учуп өткөн.



Тектеш кабарлар