Пекин кайрадан кумдуу бороондун таасири астында калды

Синьхуанын кабарына ылайык, Бээжиндеги кумдуу бороондон улам абанын булганышы бир кыйла жогорулады, ал эми көрүү аралыгы бир чакырымга чейин төмөндөдү.

1610007
Пекин кайрадан кумдуу бороондун таасири астында калды

Кытайдын борбору Бээжинге кайрадан өлкөнүн түндүк-батышынан жана Монголиядан келген шамал таасир эткен кум борошосу таасирин күчөттү.

Синьхуанын кабарына ылайык, Бээжиндеги кумдуу бороондон улам абанын булганышы бир кыйла жогорулады, ал эми көрүү аралыгы бир чакырымга чейин төмөндөдү.

Бээжиндин Экология жана айлана-чөйрөнү байкоо борбору жасаган билдирүүдө борбор калаанын абасынын сапатынын индекси «кооптуу» категорияда максималдуу деңгээлге жакындап баратканы кабарланган.

Кытайдын Улуттук метеорологиялык борбору (ÇUMM) быйыл аба ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу Бээжин апрелде дагы кумдуу бороонго туш болушу мүмкүн деп белгиледи.

16-мартта Кытайда өлкөнүн түндүк-батышынан чыгыш аймактарына чейин башталган кумдуу бороондон улам көк түстүү эскертүү берилген.

Кытайдагы абанын булгануу деңгээлин көрсөткөн сигнализация системасы 4 этаптан турат: көк, сары, кызгылт-сары жана кызыл.



Тектеш кабарлар