Ири кеме такалган Суец каналы жабылып калды

Тайвандык Evergreen Marine кеме компаниясына таандык Панама желегиндеги кемени куткарууга буксирлер киришишти.

1607959
Ири кеме такалган Суец каналы жабылып калды

Дүйнөдөгү эң ири жүк ташуучу кемелердин бири болгон «Evengreen» Жер Ортолук деңизин Кызыл деңиз менен байланыштырган Суэц каналына такалып калды.

Тайвандык Evergreen Marine кеме компаниясына таандык Панама желегиндеги кемени куткарууга буксирлер киришишти.

Узундугу 400 метр болгон кеменин токтоп калышынын себеби азырынча белгисиз болсо, экипаждын бардыгы аман-эсен жана эч кандай жаракат жок деп жарыяланды.

Египеттин жергиликтүү маалымат каражаттарына кайрылган бир жооптуу кызматкер, калыбына келтирүү процесси 2 күнгө чейин созулушу мүмкүн деп билдирди.

«Evengreen» кемесинин капталга бурулушунун натыйжасында каналдын кыймылы жабылгандыгы катталган.

Узундугу 193 чакырым Суэц каналынын туурасы 220 метр, тереңдиги 24 метр.



Тектеш кабарлар