ДССУ: «Пандемия 2-Дүйнөлүк согуштан дагы күчтүү травмага алып келди»

Бул тууралуу Спутникте кабар орун алды.

1596590
ДССУ: «Пандемия 2-Дүйнөлүк согуштан дагы күчтүү травмага алып келди»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус, коронавирустун жаңы түрүнүн пандемиясынан улам келип чыккан «массалык травма» Экинчи Дүйнөлүк согушка караганда күчтүү экендигин билдирди.

Спутник билдиргендей, Гебреисустун билдирүүсүндө, «Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө көптөгөн адамдардын өмүрүнүн кесепетинен катуу жаракат алды. Коронавирустук пандемиядан дагы көп адамдар жабыркады»,-деди.

Гебреисус ошондой эле пандемиянын психикалык ден-соолукка тийгизген таасири көп жылдар бою улана берерин белгиледи.

ДССУнун эпидемиологу Мария Ван Керхове адамдардын психикалык саламаттыгы биринчи орунда турушу керектигин баса белгилеп, пандемия адамзатка узак мөөнөттө олуттуу психологиялык таасирин тийгизерин эскертти.

 



Тектеш кабарлар