Кофеин уйкунун сапатына таасир бербейт

Швейцариянын Базель Университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ден соолугу чың 20 адам катышты.

1587034
Кофеин уйкунун сапатына таасир бербейт

Кофеинди колдонуу уйкунун сапатына таасир этпейт, бирок борбордук нерв системасында байкалаарлык өзгөрүүлөрдү пайда кылат.

Швейцариянын Базель Университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ден соолугу чың 20 адам катышты. Катышуучуларга дайыма кофе берилип турду жана 10 күндөн кийин кофеинди колдонуу токтотулду.

Бул процесстин жүрүшүндө борбордук нерв системасынын өзгөрүшү изилденип,  катышуучулардын уйку сапаты да каралды.

Жыйынтыкка караганда кофеинди дайыма ичүү уйкунун сапатына терс таасирин тийгизбейт. Бирок, борбордук нерв системасы үчүн муну айтуу мүмкүн эмес. Анткени кофеинди колдонуу менен мээнин эс тутумуна байланыштуу бөлүгүндө байкалаарлык өзгөрүү болгон. Демек, бул аймакта эс тутум жана акыл менен байланышкан боз заттын саны азайган жана бул мээнин таанып - билүү ишине терс таасирин тийгизет.

Изилдөөчүлөр кофеинди колдонууну токтотсо, анда ортого чыккан өзгөрүүнүн туруктуу болбой тургандыгын айтышты. Кофеиндин  ден-соолугу чың адамдарга тийгизген таасири азырынча толук аныктала электиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар