Анар ширеси өмүрдү узартат

Анар ширеси өмүрдү узартары жана ракка чалдыгуу коркунучун азайтууга жардам берери билдирилди.

1569225
Анар ширеси өмүрдү узартат

Анардын ширеси  өмүрдү узартары жана ракка чалдыгуу коркунучун азайтууга жардам берери билдирилди.

Мөмө чымындарына (drosophila) жасалган эксперимент анар ширеси эркек жана ургаачы чымындардын өмүрүн кезеги 18 пайызга жана 8 пайызга узартууга жардам бергенин көрсөттү деп билдирди British Express порталы.

Андан тышкары, анар ширеси берилген чымындар бир топ узагыраак физикалык көрсөткүчтү көрсөткөндүгү белгиленди. Анардын курамында уролитин А деген зат бар экени белгилүү болду, ал клеткалардагы митохондриялык функцияны жакшырта алат.

Митохондриялык функцияны өркүндөтүү булчуңдардын алсыздыгын алдын алып, карылык процессин жайлатат. Адистердин айтымында, анар ширесин колдонуу кооптуу оорулардан да сактайт.

Анар ширесинин рак жана жүрөк ооруларын азайткандагы белгиленди. Дарыгерлер күн сайын анар ширесин ичүүнү сунушташат.

Анар ширеси эркектер үчүн дагы пайдалуу, анткени аны дайыма ичкенде простат безинин рак оорусун төмөндөтөт.

 



Тектеш кабарлар