«Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында бир аскер шейит болду

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.

1864453
«Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, кечээ «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн бир база аймагына ок атуусунун натыйжасында жөө аскер адиси сержант Решат Эргин жараланып, ооруканага жеткирилди. 

Эргиндин бардык аракетке карабастан куткарыла албаганы жана шейит болгону билдирилип: «Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтабыз жана сабырдуулукту тилейбиз»,делди.



Тектеш кабарлар