Зорлу Төре: «Түрк армиясынын аралдан чыгарылышына таптакыр каршыбыз»
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламентинин төрагасы Зорлу Төре Стамбулдагы Түрк жарандык коом демилгелер борборунда (TUSİM) «Кипрдин келечекке көз карашы» аттуу сөз сүйлөдү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламентинин төрагасы Зорлу Төре түрк армиясынын аралдан чыгарылышына таптакыр каршы экенин айтты.
Зорлу Төре Стамбулдагы Түрк жарандык коом демилгелер борборунда (TUSİM) «Кипрдин келечекке көз карашы» аттуу сөз сүйлөдү.
ТКТР эгемендүү мамлекет болгондон кийин федерация сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү туура көрбөгөнүн белгилеген Төре, Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аралда эки эгемендүү мамлекеттүү чечимди жактаганын жана мындан башка келишимге макул болбой турганын баса белгиледи.
Төре: «Эгер ТКТРде эки эгемендүү мамлекет чечими ишке ашпаса, бул жолду улантабыз. Түндүк Кипр Түрк Республикасы британиялыктардын, француздардын, гректердин же Бириккен Улуттардын бир белеги эмес. Бул мамлекет бизге биздин шейиттер жана ардагерлер тарабынан мураска калган. Биз аларга чыккынчылык кыла албайбыз. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жок болушун кабыл ала албайбыз. Түрк армиясынын кепилдигинин бузулуусун жана аралдан чегинүүсүн эч качан кабыл ала албайбыз»,-деди.
Төре Кипрдин энергия булактарына бай Чыгыш Жер Ортолук деңизинде маанилүү орунду ээлегенин, ошондуктан Көгүлтүр мекен түшүнүгүнүн бир гана жерди камтыбастан, деңиз астындагы байлыкка ээлик кылууну да камтыганын айтты.
Бул аймакта АКШ, Орусия, Франция сыяктуу мамлекеттердин учак конуучу кемелери жана суу астында жүрүүчү кемелери бар экенин белгилеген парламент төрагасы: «(Бул өлкөлөр) Түркияга «бул жерде бургулаба, сейсмикалык изилдөө кылбагыла, артка кайткыла. Кипр аралында өзүнчө мамлекет кура албайсыңар, бул мамлекеттен баш тарткыла, бирдиктүү Кипр болсун, федерация болсун» дешүүдө. Ал эмес Түрк аскеринин аралдан чыгып кетүүсүн каалап жатышат. Булар эми кабыл алынгыс талаптар»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.