Түркиядан АКШга: «Берүү эрежелерин сыйлагыла»

Элчи Танжу Билгич, түрк медиасы АКШда жергиликтүү эрежелерге ылайык иш кылгандай, Америка үнү түркчө жана Германияда жайгашкан Deutsche Welle (DW) түркчө интернет сайттары да Түркиянын эрежелерин урматтоосу керектигин айтты.

1853190
Түркиядан АКШга: «Берүү эрежелерин сыйлагыла»

Түркиядан Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) телерадиоберүү саясаты боюнча эскертүү...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Танжу Билгич, түрк медиасы АКШда жергиликтүү эрежелерге ылайык иш кылгандай, Америка үнүнүн түркчө жана Германияда жайгашкан Deutsche Welle (DW) түркчө интернет сайттары да Түркиянын эрежелерин урматтоосу керектигин айтты.

Танжу Билгич, Радио жана телеберүү жогорку кеңешинин (RTÜK) Америка үнү түркчө жана Deutsche Welle (DW) түркчө интернет сайттарына кирүүгө тыюу салышын сынга алган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайска жооп берди.

Билгич Прайстын Твиттердеги билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жооп берген жообунда: «Демократияга киришүү сабагы: Сөз эркиндиги демократия үчүн зарыл жана  мыйзам үстөмдүгү дагы ошондой. Сөз эркиндигине уруксат берүү жана окуяларды какофонияга айландырбоо үчүн жоболор бар. Түрк медиасы Америка Кошмо Штаттарында жергиликтүү эрежелерге баш ийгени сыяктуу Америка үнүнүн түрк тилиндеги жана DW түрк тилиндеги кызматтары Түркиянын эрежелерине урмат-сый көрсөтүшү керек»,-деп айтты.

Өткөн айда Радио жана телеберүү жогорку кеңеши (RTÜK) Deutsche Welle (DW) түркчө жана  Voice оf America түркчө веб-сайттарына берүү лицензиясынын жоктугунан улам тыюу салган.



Тектеш кабарлар