Мевлүт Чавушоглу Индонезияда

Индонезияга барган Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мексиканын Тышкы иштер министри Марсело Эбрард менен жолугушту.

1853240
Мевлүт Чавушоглу Индонезияда
cavusoglu mikta.jpg
cavusoglu- meksika disisleri bakani marcelo ebrard.jpg

Индонезияга барган Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мексиканын Тышкы иштер министри Марсело Эбрард менен жолугушту.

Соцтармактан маалымат берген министр Чавушоглу : «Чоң жыйырмалардын Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын чегинде  мексикалык кесиптешим менен жогорку деңээлдеги сапарлардын даярдыктары жана Украина да болгон аймактык абалдарды карап чыктык»,- деди.

Бир тараптан Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигиндеги MIKTAнын (Мексика, Индонзия, Корея Республикасы, Түркия жана Австралия) тышкы иштер министрлеринин 21 -  жыйыны болду.

Жыйынга Мексиканын Тышкы иштер министри Марсело Эбрард Индонезия Республикасынын Тышкы иштер  министри Ренто Марсуди, Түштүк Кореянын Тышкы иштер министри Жин Пак, Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг катышты.

Министр Чавушоглу жолугушууга байланыштуу Твиттер эсебинен маалымат берип : "Украинадагы акыркы абалдарды, азык  - түлүк коопсуздугун, миграция темаларын талкууладык",- деди. 

Түркия март айында MIKTAнынкезектешкен башкаруучулугун Австралиядан өткөрүп алган. 

 



Тектеш кабарлар