Сомалинин президенти Анкарада

Эрдоган менен Махмуд делегациялар арасында да жолугушуу өткөрөт.

1852757
Сомалинин президенти Анкарада

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмудду борбор шаар Анкарада расмий азем менен тосуп алды.

Президенттик комплексте Махмудду расмий тосуп алуу аземи болду. Андан кийин жекеме - жеке  жолугушкан Эрдоган менен Махмуд делегациялар арасында да жолугушуу өткөрөт.

Махмуд жолугушууларынын алкагында Ыспартада машыктырылган сомалилик аскерлерди, андан кийин Анкарада  Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирди зыярат кылды.



Тектеш кабарлар