Японияда катуу ысыктан 17 адам каза болду

Өткөн айда өлкөдө ооруканага 15 миң 657 адамдын кайрылганы белгиленди.

1852845
Японияда катуу ысыктан 17 адам каза болду

Японияда июнь айында абанын температурасынын жогорулашынан улам 17 адамдын каза болгону кабарланды.

Өрт жана табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин билдирүүсүндө, өткөн айда өлкөдө ооруканага 15 миң 657 адамдын кайрылганы белгиленди.

Билдирүүдө, ооруканага кайрылган 17 адам катуу ысыктан каза болгону айтылды. 

Борбор калаа Токиодо өткөн аптада абанын температуранын 36,4 градуска жеткени баса белгиленип, акыркы 147 жылдын эң жогорку температурасы айдын акыркы жумаларында байкалганы маалымдалды.

Өлкөдө 2011-жылы катуу ысыктан улам 6 миң 980 адам ооруканага түшүп, 14 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар