Террор менен күрөшүү улантылууда
9 террористи жок кылынды.
Сирияда "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарында аныкталган ПКК/ЙПГнын мүчөсү 11 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден берген маалыматында : "Террористтердин өздөрүн күтүп жаткан абалдан качуу мүмкүнчүлүгү жок! "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарында аныкталган ПКК/ЙПГнын 11 террористи жок кылынды. Операцияларыбыз ылдамдык менен улантылат",- деп билдирилди.
Ирактын түндүгүндө да ПКК террордук уюмунун 9 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Террор уяларын жок кылууну улантуудабыз. Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта аныкталган ПККнын 9 террористи түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды",- деп билдирилди.
Бир тараптан Мардинде Ички иштер министрлиги тарабынан 679 кызматкердин катышуусу менен "Эрен блокада - 20" операциясы баштатылды.
Министрликтен берилген маалыматта : "Өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн "Эрен блокада операциялары" элибиздин колдоосу менен ишеничи жана чечкиндүүлүгү менен ийгиликтүү улантылууда",- деп билдирилди.