Чавушоглу: «Швеция менен Финляндия документке баш ийүүгө аргасыз»

Чавушоглу Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосундагы меморандумга токтолду.

1851553
Чавушоглу: «Швеция менен Финляндия документке баш ийүүгө аргасыз»

Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосундагы меморандумга токтолгон Чавушоглу:«Биз аларга берген документте, ПЙД менен жикчил террордук уюм ПККнын бири-бири менен байланышы бар экенин далилдердин негизинде документтеп бердик. Ошондой эле түрдө кайтарып бере турган террористтер, терроризмге аралшакан, терроризмди колдогон жана кылмыштары далилденген кишилер тууралуу документтерди сунуштадык»,-деди.

Түркиянын шарттарын так түрдө ортого салганын, Финляндия менен Швециянын бул шарттарды кабыл алууга аргасыз болгонун белгилеген Чавушоглу:«Бул жерде (документте) терроризмдин бардык көрүнүштөрү, анын бардык жайылтуулары, бардык уландылары ачык көрүнүп турат. Натыйжада алар бул документти аткарышы керек. Эгер алар баш ийбесе, биз аларды НАТОго албайбыз»,-деди.

Тышкы иштер министри эгерде Финляндия менен Швеция (НАТОго) мүмкүн болгон мүчөлүгүнөн кийин келишимдеги беренелерди аткарбаса, эмне кылынат деген суроого, «Ортодо документ бар. АКШ  жана Орусия менен да келишимибиз бар. Алар дагы бул террористтерди 30 чакырым түштүккө (Сирияда) тарта турган болушкан, бирок аткарган жок. Жакында террордук уюм Сириянын ичинде да, Сириядан да биздин жерлерге кол салууларын көбөйттү. Эми эмне кылып жатабыз? Биз өз ишибизди өзүбүз аткарабыз жана аларды тазалайбыз. Эгерде бул өлкөлөр убадаларына турушпаса анда ошого жараша кадам таштайбыз. Түркия бул жерде өзүнө карай коркунуч жаралса, анын артында, жанында, ичинде ким болгонуна карабайт, эмне керек болсо жасайт жана жок кылат. Ушундай»,деген сереп салды.



Тектеш кабарлар