Мадриддеги НАТО саммитинде Түркиянын жетишкендиктери Греция басма сөзүндө...

Ta Nea гезити Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоган тууралуу тышкы саясат боюнча макала басты.

1851217
Мадриддеги НАТО саммитинде Түркиянын жетишкендиктери Греция басма сөзүндө...

Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО саммитинде Түркиянын жетишкендиктери Греция басма сөзүндө да орун алды.

Ta Nea гезити Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоган тууралуу тышкы саясат боюнча макала басты.

«Президент Эрдогандын сүйлөшүү өнөрү» деген макалада Эрдогандын НАТО саммитиндеги ролуна басым жасалды.

«Түрк президенти эл аралык аренада дагы деле сүйлөшүү өнөрүнө ээ экенин Мадриддеги саммитте көрсөттү»,-деп берип: «Кээде биз Эрдогандын эл аралык аренада өзгөчө тажрыйбасы бар жана өз максаттарына жетүү үчүн компетенттүү саясатчы экенин унутуп калабыз»,-деп сереп салынды.

Болгондо да президент Эрдогандын узак мөөнөттүү каралганда утушта болоору айтылды.

Греция менен Түркиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшүндө роль ойногон Кириакос Мицотакис өкмөтү кыйыр түрдө сынга алынды.



Тектеш кабарлар