Ибрахим Калын-Линдси Грэм жолугушуусу

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, Мабейн сарайында өткөрүлгөн жолугушууда эки тараптуу жана аймактык көптөгөн маселелерге баа берилди.

1851131
Ибрахим Калын-Линдси Грэм жолугушуусу

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Стамбулда америкалык сенатор Линдси Грэм менен жолугушту.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, Мабейн сарайында өткөрүлгөн жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар, терроризм менен күрөшүү, коргонуу өнөр жай тармагындагы кызматташтык, Украина-Орусия согушу, Кара деңиздеги эгин ташуу, Сирия, Эгей-Жер Ортолук деңизи жана башка аймактык маселелер талкууланды.

Жыйындын башында Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөн НАТО саммити жана кабыл алынган жаңы стратегиялык концепцияга баа берилди. Саммиттин алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин позитивдүү маанайда өткөн жолугушуусуна канааттангандыгы айтылды.

Түркия-АКШ карым-катнаштарынын өз ара урматтоо жана түшүнүүнүн негизинде, орток жана стратегиялык кызыкчылыктардын негизинде алга жылуусу керектиги белгиленди. Коргонуу өнөр жайы тармагында кызматташуу жана F-16 боюнча жылыштардын эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кыла турганы белгиленди.

Түркиянын Кара деңиз аркылуу эгин ташуу үчүн коопсуз коридор түзүү аракети бааланганы айтылган жолугушууда бул жүктү ташуунун ийгиликтүү ишке ашырылышынын глобалдык азык-түлүк коопсуздугу жагынан стратегиялык мааниге ээ экени баса белгиленди.

Эл аралык коомчулуктун Эгей жана Жер Ортолук деңиз темаларында Түркиянын мыйзамдуу укуктарын урматтоосу керектиги баса белгиленип, Түркиянын улуттук коопсуздугуна, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана саясий биримдигине коркунуч келтирген ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы дискриминациясыз чечкиндүүлүк менен күрөшүү керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар