Эрдоган : "Швеция 73 террористти бизге жиберет"

Эрдоган Испаниядагы  НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин акырында журналисттер менен маек курду.

1850852
Эрдоган : "Швеция 73 террористти бизге жиберет"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Швеция 73 террористти бизге жиберет. Азыркы учурда 3 – 4 террористти жиберишти бирок бул жетерлик эмес. Адилеттик  жана Тышкы иштер министрлиги, Улуттук Чалгындоо Уюму тыкыр изилдеп  көзөмөлдөйт",- деди.  

Эрдоган Испаниядагы  НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин акырында журналисттер менен маек курду.

Швециянын качкан 73 террористти Түркияга өткөрүп берүүнү убада кылганын эске салган президент : "Швеция 73 террористти бизге жиберет. Азыркы учурда  3 – 4  террористти жиберишти. Бирок бул бизге жетпейт. Албетте буларды Адилеттик министрлигибизи, Тышкы иштер министрлигибиз, Улуттук Чалгындоо Уюму жакындан иликтейт жана «Бул террористтерди жибергиле» дейт. Булар келсе келет келбесе эмне кылуу керек болсо мекемелерибиздин жардамы менен аткарууну улантабыз»,- деди.

Эрдоган : «(Үч тараптуу келишим) Убадалар маанилүү, бирок эң негизгиси ишке ашыруу. Мындан ары ПКК жана ФЕТО мүчөлөрү үчүн террордук  үгүт иштерин жүргүзүү, өлкөбүзгө жана жарандарыбызга кол салуу бир топ кыйындайт»,- деген Эрдоган : «Мындан кийинки процесс Швеция жана Финляндияга таандык. Кандайдыр бир жаңылыштык болсо ансыз деле бизде документтер бар, эмне керек болсо аткарабыз»,- деди.

Эрдоган саммиттин негизинде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр менен террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨнун НАТОнун жазылуу каттоосуна өткөндүгүн да айтты.

Президент : «Бул иштин жазылуу каттоого өтүшү биринчи жолу болуп жатат. Тактап айтканда ПКК Европа Биримдигинин тексттеринде бар эле бирок ЙПГ/ПЙД жана ФЕТӨ жок болчу»,- деди.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен болгон жолугушуусунда Сирияда террористтерге жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлгөн куралдардын алдыңкы планга чыгып же чыкпагандыгы тууралуу суроого жооп берген президент Эрдоган : «Албетте айттым. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мезгилинен баштадым. Миңдеген фура менен курал – жарак, оң  - дары алып келинди. Биз бул жерде  террор тууралуу сүйлөшөбүз. Бирок Түркияны бутага алган террористтерге курал, ок  -  дары, унаалар жана техникалар берилип жатканда биз НАТОдо союздаш катары кантип тилектеш боло алабыз»,- деди.

Эрдоган өзгөчө НАТО саммитинде бардык лидерлердин «Ортомчу болуп, Греция менен жолугуштуралы»,- дегендерин айтып : «Капа болбогула азырынча ага бөлө турган убактыбыз жок дедик»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар