Эрдоган : "Швеция, Түркия, Финландия үчтүк келишими Түркия жана улутубуз үчү ндипломатиялык жеңиш"

Эрдоган Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО лидерлеринин саммитинен кийин IFEMA Конгресс борборунда пресс  - жыйын өткөрдү.

1850440
Эрдоган : "Швеция, Түркия, Финландия үчтүк келишими Түркия жана улутубуз үчү ндипломатиялык жеңиш"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Швеция, Түркия, Финляндия үчтүк келишими Түркия жана улутубуз үчүн кыйын сүйлөшүү процессинен кийинки дипломатиялык жеңиш",- деди. 

Эрдоган Испаниянын борбор шаары Мадриддеги НАТО лидерлеринин саммитинен кийин IFEMA Конгресс борборунда пресс  - жыйын өткөрдү. 

«Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк кайрылууларынын алкагында болгон окуялар Түркиянын террорго карата кызыл сызыктарын ачыкка чыгарды»,-деген Эрдоган : "(Швеция, Түркия, Финляндия үч тараптуу келишим) Бул келишим кыйын сүйлөшүү процессинен кийин Түркия жана улутубуз үчүн дипломатиялык жеңиш болуп саналат. Келишимде белгиленген жагдайдалрдын  ишке ашырылышын кылдаттык менен көзмөлдөп, кадамдарыбызды ошого жараша таштайбыз. Швециянын  берген убадасы 73 террористтин Түркияга тапшырылышы. Биз парламентибизден муну өткөрбөсөк бул иш ансыз да иштебейт. Швеция менен Финляндия өз милдеттерин аткарышы керек. Биринчи кезекте ПКК, ЙПГ, ПЙД, ФЕТО жок кылынышы керек.  Булар тууралуу мыйзамдуу түзөтүүлөрдү эртерээк аткаруулары зарыл. Террористтерди берүүгө, мыйзамдарды өзгөртүүгө убада берип жатасыңар, булар орундатылбаса  капа болбогула, бул убада орундатылат",- деди. 

Саммиттин алкагында көптөгөн өкмөт лидерлери менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун белгилеген президент, негизинен Украинадагы окуяларды сүйлөшкөндөрүн айтты. 

Президент Эрдоган : "Биздин (НАТО) альянсыбыздын Украинага колдоосу толук. Бирок биз муну тынчтык көз карашы менен көрсөтүп, гуманитардык трагедияны мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга аракет кылышыбыз керек",- деди.

Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынан  сатып алынган F-16га байланыштуу да: "АКШ президенти Жо Байдендин бул маселе боюнча чын ыкластуу аракети олуттуу колдоо табат. Мен дароо Америкага делегация жиберем". деди.

 

 



Тектеш кабарлар