Октай: "Үчтүк меморандум үлгү боло турчу кадам"

Октай Кырыккале университетиндеги бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

1849817
Октай: "Үчтүк меморандум үлгү боло турчу кадам"

Вице-президент Фуат Октай НАТОнун саммитинде Швеция жана Финляндия менен кол коюлган үчтүк меморандумдун терроризмге каршы күрөштө бардык өлкөлөргө үлгү боло турчу кызматташтык кадамы экенин айтты.

Октай Кырыккале университетиндеги бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө, коргоо өнөр жайында ата мекендик жана улуттук технологиялардагы өнүгүүлөрдүн терроризм менен күрөшүүдө ийгиликтин ачкычы экенин, жикчил террордук уюмдун ички жана тышкы операциялар менен кыймылсыз абалга келгенине көңүл бурду.

Октай террор менен күрөшүүдө кызматташтыкка ар дайым ачык экендерин баса белгиледи.

НАТО шериктештеринин, бир мүчөгө карай коркунучтун бүтүндөй НАТО үчүн коркунуч болгонун кабыл алууларынын маанилүү экенин белгилеген Октай: «Бул Швеция менен Финляндияга гана эмес, НАТОнун ар бир мүчө өлкөсүнө да тиешелүү. Ушул жагынан биздин президентибиздин жетекчилиги астында кечээ Швеция жана Финляндия менен жетишилген келишим бардык өлкөлөргө үлгү боло турган кызматташтык кадамы болуп саналат. Терроризмге каршы күрөштү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар