Эрдоган Мадридде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Түркия убактысы боюнча саат 18де  Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен  жолугушуусу пландаштырылууда.

1849624
Эрдоган Мадридде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн Испаниянын Мадрид шаарына барган президент Режеп Таййип Эрдоган саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Президент Эрдоган саммиттин алдында Франциянын президенти Эммануэль Макрон,  Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен өзүнчө жолугушту.

Эрдоган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Европа кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель, Австриянын канцлери Карл Нехаммер, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Голландиянын премьер-министри Марк Рютте менен да жолугушуусу жана Түркия убактысы боюнча саат 18де  Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен  жолугушуусу пландаштырылууда. 


 

 



Тектеш кабарлар