Калын швед жана финляндиялык кесиптештери менен жолугушту

Столтенбергдин чакыруусу менен өткөрүлгөн жыйында Финляндия жана Швециянын мүчөлүк арыздарында жылыш болушу үчүн Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурулганы белгиленди.

1849064
Калын швед жана финляндиялык кесиптештери менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүк арыздарына байланыштуу эки өлкөнүн жооптуулары менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда жолугушту.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин атайын кеңсесинин директору Стиан Йенсендин төрагалыгы астында өткөн жыйынга Ибрахим Калын менен бирге Финляндия Президенттигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча директору Петри Хаккарайнен, ошондой эле Швециянын премьер-министрлигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча мамлекеттик кеңешинин жооптуу катчысы Оскар Стенстрем катышты.

Столтенбергдин чакыруусу менен өткөрүлгөн жыйында Финляндия жана Швециянын мүчөлүк арыздарында жылыш болушу үчүн Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурулганы белгиленди.

Бул темада мурда да сүйлөшүүлөрдүн болгондугу маалымдалган билдирүүдө, сүйлөшүүлөрдүн бүгүн НАТОнун саммити баштала турган Испаниянын борбор шаары Мадридде улана турганы, Столтенбергдин саммит башталар алдында президент Режеп Таййип Эрдоган, Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугуша турганы кабарланды.



Тектеш кабарлар