Фахреттин Алтун НАТО союздаштарынын террор менен күрөштө сезимталдуулукту көрсөтүшү керектигин айтты

Алтун Түркиянын 70 жылдык мезгилде союздаштарына күчтүү колдоо берип жана альянска кошкон салымы менен НАТОнун баш тартылгыс бир бөлүгү болгондугун белгиледи.

1849343
Фахреттин Алтун НАТО союздаштарынын террор менен күрөштө сезимталдуулукту көрсөтүшү керектигин айтты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын НАТОнун  террордук кол салууга эң көп дуушар болгон өлкөсү катары альянстын да, союздаштардын да террор менен күрөшүүдө керектүү сезимталдыкты көрсөтүүсүн күткөнүн айтты.

Алтун НАТО саммитинен мурда Мадридде коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Аймактан Глобалдыкка НАТО : Диалог, Кеңейүү жана Биргелик панелине» видео кайрылуу менен катышты.

Алтун Түркиянын 70 жылдык убакытта союздаштарына күчтүү колдоо берип жана альянска кошкон салымы менен НАТОнун баш тартылгыс бир бөлүгү болгондугун белгиледи.

Эң көп террордук кол салууга учураган НАТО өлкөсү Түркиянын террор менен күрөшүү тууралуу альянстын жана союздаштардын керек болгон сезимталдыктарды көрсөтүүсүн күтүшкөндөрүн белгилеген Алтун : "Ушул алкакта ПКК террордук уюмунун пропагандалоо, каржылоо жана жалдоо иштерине олуттуу түрдө киришүү керек жана бул күрөш уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ баш болгон бардык уландыларын камтышы керек. Мындан тышкары, өлкөбүздүн мекемелерине кирип, акырында 2016-жылдын 15-июлунун кечинде 251 бейкүнөө адамдарды өлтүрүп, бийликти басып алууга аракет кылган ФЕТӨ менен күрөшүүдө канааттандыруучу  кадамдардын ташталышы биздин биздин союздаштыгыбыздын зарылчылыгы катары караган жагдай»,-деди.

Террор менен күрөшүү тууралуу Түркия көрсөткөн сезимталдыкты испаниялык достордун эң жакшы түшүнөрүн айткан Алтун айрым мамлекеттерден айырмаланып Испаниянын террор кыйынчылыгын жашагандыгын, Түркия сыяктуу террористтердин жийиркеничтүү жүзүн көргөндүгүн эске салды.

«Дос жана союздаш катары көргөн Испаниянын абадан коргонуу башта болуу менен улуттук коопсуздугубуз тууралуу көрсөткөн сезимталдыкты  жогору баалай турганыбызды айткым келет»,- деген Фахреттин Алтун : «Альянсыбызга кошулууну каалаган мамлекеттер терроризмге каршы күрөштө чечкиндүүлүгүбүздү бөлүшүшүн каалайбыз жана алардан зарыл болгон кадамдарды кечиктирбестен таштоосун күтөбүз. Анткени НАТОнун баалуулуктарын жана союздаштарынын коопсуздугун толук өздөштүрө албаган өлкөлөр альянска пайдадан көбүрөөк зыян алып келет»,- деди.  



Тектеш кабарлар