Эрдоган Мадридге жөнөөр алдында билдирүү жасады

Президент Эрдоган бүгүн баштала турган жана эки күнгө созула турган «НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине» катышуу үчүн Испаниянын борбор шаары Мадридге жөнөөр алдында борбор шаар Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда билдирүү жасады.

1849176
Эрдоган Мадридге жөнөөр алдында билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Эгер Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө боло турган болсо, алар альянстын 70 жылдык мүчөсү Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларын эске алышы керек»,- деди.

Президент Эрдоган бүгүн башталып эки күнгө созула турган «НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине» катышуу үчүн Испаниянын борбор шаары Мадридге жөнөөр алдында борбор шаар Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда билдирүү жасады.

Украинадагы согуш уланып жаткан оор учурда өткөн саммитте, НАТОнун евроатлантикалык аймагынын коопсуздугун камсыздоодогу фундаменталдуу ролунун ырастала турганын айтты.

Украинадагы согуштун альянска чагылуулары, НАТОнун бөгөт коюу жана коргонуу аракеттери, ошондой эле терроризмге каршы күрөш талкуулана турган саммиттен негизги күтүүлөрдүн, эч кандай шартсыз союздаштык тилектештикти көрсөтүү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз шериктештерибизден терроризмдин бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүлөрүн, альянска болгон коркунучтун чындыгында бүтүндөй НАТО үчүн коркунуч экенин түшүнүүсүн күтөбүз»,-деди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздарынын саммитте негизги темалардын бири болорун белгилеген Эрдоган: «Бул маселеге карата мамилебиз азыр бардыгына белгилүү. Эң башынан бери Түркиянын маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч туудурган ПКК жана ПЙД/ЙПГ баш болгон ар кандай уландысынын бул өлкөлөрдө эркин жүрүшүнө бөгөт коюлушун күткөнүбүздү баса белгилейбиз. Бул туура позициябызды саммиттин алкагында дагы бир жолу ачык түрдө түшүндүрөмүн»,-деп билдирди.

Мадридде Швециянын премьер-министри, Финляндиянын президенти жана НАТОнун баш катчысынын катышуусунда төрт тараптуу саммит өткөрө тургандарын белгилеген президент Эрдоган: «Жөн гана айтылган сөздү эмес, жыйынтыкты каалайбыз»,- деди.

НАТОго мүчө болуу ар кандай жоопкерчиликтерди алып келерин билдирген Эрдоган: «Эгер Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө боло турган болсо, 70 жылдан бери альянстын мүчөсү болгон Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларын эске алышы керек. Мунун тескерисин ойлоо мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Эрдоган саммиттин алкагында кээ бир союздаш өлкөлөр, мамлекет жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганын, күн тартибиндеги эки тараптуу маселелерди да, НАТОнун карамагындагы кызматташтыкты жана глобалдык күн тартибин да талкуулашарын маалымдады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен бүгүн эртең менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген президент: «(Байден) бүгүн кечинде же эртең (Мадридде) кайрадан жолугушууну кааларын билдирди. Биз да "мүмкүн" дедик»,- деди.

Эрдоган саммиттин алкагында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болсо эки тараптуу жолугушуусунун мүмкүн эмес экенин баса белгилеп: «Греция менен жогорку деңгээлдеги стратегиялык жолугушуу өткөрмөкпүз, мен аны токтоттум. Эми болбойт, бул иш бүттү. Биз ал эшикти жаптык. Мындан ары алар өздөрүн тартипке салат»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар