Калын Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин өтө турганын айтты

Ибрахим Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартибине байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

1848595
Калын Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин өтө турганын айтты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, эртең Испаниянын борбор шаары Мадридде президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндия саммитинин өткөрүлөрүн билдирди.

Ибрахим Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартибине байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

 Калын: «Шейшемби күнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин өтүнүчү менен президентибиздин катышуусунда Түркия, НАТО, Швеция жана Финляндияда саммит өтөт. НАТОнун саммитине чейин бул саммит шейшембиде болот. Бул саммитке катышуу биздин позициябыздан артка чегинебиз дегенди билдирбейт. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мунун көп этаптары бар. Мен ал жактагы фин жана швед кесиптештериме айттым; сиз 200 жылдык бейтараптык саясатынан баш тартып жатасыз, чоң парадигма өзгөртүүсүн кылып аскердик альянска кирүү чечимин чыгаруудасыз. Бул гармонияга жетиш үчүн Швецияда да, Финляндияда да абдан олуттуу өзгөрүүлөрдү жасашыңыз керек. Мыйзамдар, жоболор, Конституция өзгөртүүнү талап кылат. Сизден ошондой эле өзгөрүүнү ПКК жана анын туундулары YPG, PYD жана ушуга окшош түзүмдөргө каршы өзгөрүүнү көрсөтүүңүздү каалайбыз. Бул башка негизги парадигмалардын өзгөрүшүнө караганда кыйын, бирок жасоо мүмкүн. Алар кээ бир кадамдарды жасайбыз деп жатышат. Биз алардын милдеттенмелерин белгиледик. Милдеттенме алуу менен конкреттүү кадамдарды жасоонун ортосунда айырма бар. Биз булардын бардыгын каттайбыз. Биз чоң өлчөмдө макулдашууга жетиштик, биз макулдаша албаган бир нече маселелер бар. Эртең аны менен макул болсок, Мадридге ошону менен барабыз. Швеция менен Финляндиянын ПКК, ПЙД жана ЙПГ сыяктуу түзүмдөргө каршы ачык жана так позицияда болушун каалайбыз. Буга Сириядагы ПЙД жана ЙПГ менен болгон карым-катнаш да кирет»,-деди.  

Эртең жана шаршембиде НАТОнун лидерлеринин саммити да Мадридде өтөт



Тектеш кабарлар