Фахреттин Алтун Аль Жазирага макала жазды

Президентткитин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Алтун Аль Жазирада жарыяланган макаласында Грециянын таштаган кадамдарынан улам акыркы мезгилде Эгей деңизинде чыккан чыңалуу тууралуу баа берди.

1848109
Фахреттин Алтун Аль Жазирага макала жазды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Грециянын Эгей деңизинде себеп болгон чыңалууга баа берип : «Коңшубуз жана НАТО союздашыбызды бул тактикаларынын  стратегиялык ийгиликсиздикке алып келери боюнча дагы бир жолу эскертебиз»,- деди.

Президентткитин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Алтун Аль Жазирада жарыяланган макаласында Грециянын таштаган кадамдарынан улам акыркы мезгилде Эгей деңизинде чыккан чыңалуу тууралуу баа берди.

Грециянын акыркы айларда Эгей деңизиндеги провокациялык жана пайдасыз кыймылдарына күбө болгондорун белгилеген Алтун, мунун мурда ар кандай жолдор менен көргөн кино экендигин айтты.

Алтун Грециянын мезгил-мезгили менен эл аралык укукка каршы негизсиз дооматтар менен же эл аралык платформаларда Түркияга каршы үгүттөө же кысым көрсөтүү менен чыңалууну күчөткөндүгүн айтып : «Коңшубуздагы айрым саясатчылардын көңүлдөрдү ийгиликсиздиктеринен алыстатуу жана өлкө ичинде саясий колдоо алуу максатында Түркияны оңой бута катары колдонуу сыяктуу жаман адаттары бар. Коңшубуз жана НАТО союздашыбызды дагы бир жолу бул тактикаларынын стратегиялык ийгиликсиздикке алып келери боюнча эскертебиз.

Эгей деңизинде дайыма чыңалуу жаратуунун эч кимге пайдасы болбойт. Бул чыңалуунун баасы провокация кылган тарап үчүн ар дайым өсүп жатат»,-деди.

Айрым Европа өлкөлөрүнүн Түркияга карата жоопкерчиликсиздик менен жүргүзгөн саясаттарынын Грециянын ойлонбостон кылган аракеттери менен жакындан байланыштуу экендигин айткан Алтун түрк коому жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын көрмөксөнгө салуу менен Кипрды Европа Биримдигине кошуунун жана Түркияны Чыгыш Жер Ортолук деңиздин тышында кармоосу үчүн Грецияны колдоонун, Европа борбор шаарларынын туруктуу чечүүчү жол табуунун ордуна чечилиши кыйын маселелерди жаратуусунун бир үлгүсү экендигин айтты.

Алтун : «Кипрды Европа Биримдигине мүчө катары кабыл алуу менен стратегиялык жаңылыштыкты кылган Европа борбор шаарлары Түркияны четке кагуу менен эле калбастан кипрдык түрктөрдүн укуктарын көрбөстүккө салган,  каржылоо жактан ишке ашырууга болбой турган энергетика долбоорлорун колдоду.  Буга албетте уруксат бермек эмеспиз бирок Греция жана кипрдык румдар чечкиндүүлүгүбүздү сынаганга мажбур болушту.

Биздин чыңалууну азайтууну жана стратегиялык бир диалогго катышууну кабыл алганыбызга карабастан грек тарабы бул кеңешмелер менен убакыт өтөрүп жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар