"Эртугрул Гази" 1 жылда 2,1 миллиард метр куб газд өткөрдү

Түркиянын алгачкы сүзүп жүрүүчү сактоо жана газдаштыруу  (FSRU) кемеси "Эртугрул Гази" 1 жылда улуттук системага болжол менен 2,1 миллиард  метр куб газ өткөрдү.

1848113
"Эртугрул Гази"  1 жылда 2,1 миллиард метр куб газд өткөрдү

Түркиянын алгачкы сүзүп жүрүүчү сактоо жана газдаштыруу  (FSRU) бирдиги  "Эртугрул Гази" 1 жылда улуттук системага болжол менен 2,1 миллиард  метр куб газ өткөрдү.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинен берилген маалыматта түрк желектүү "Эртугрул Газинин"  өткөн жылдын 25-июнунда президент Режеп Таййип Эрдоган менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез катышкан азем менен ишин  баштаганы эске салынып : "Өткөн бир жылдын ичинде   "Эртугрул Гази" Түркиянын жаратылыш газ өткөрүшү үчүн күнү  - түнү дебестен иштеди.  Бул убакыт аралыгында "Эртугрул Газиге" кемеден кемеге 24 жолу LNG өткөрүлдү",- деп билдирилди. 

Мунун натыйжасында "Эртугрул Гази" 2,1 миллиард метр куб жаратылыш газды улуттук системага өткөрдү. Бир гана "Эртуглул Газинин" 1 жылдык иштеши Стамбулда 6 ай, Анкарада 1 жыл, Измирде турак жайлардын 3 жылдык керектөөсүнө туура келет. Түркиянын энергетика өткөрүү коопсуздугунда ачкыч роль ойногон "Эртугрул Гази өлкөсүнө кызмат кылууну улантууда".

 



Тектеш кабарлар