Террор менен күрөш уланууда

ПККга мүчө 2 террористтин бирөө боз категорияда изделип жатканы аныкталды.

1847699
Террор менен күрөш уланууда

Сииртте «Эрен блокада-17» операциясында таасирсиз кылынган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террористтин бирөө боз категорияда изделип жатканы аныкталды.

Сиирттин Первари Язлыжа (Херекол) тоосу аймагындагы террористтерге каршы 19-июнда жүргүзүлгөн «Эрен блокада-17 шейит жандармерия адиси сержант Эржан Өзжан» операциясында 2 террорист таасирсиз кылынган.

Бул террористтердин биринин Ботан облусунун Херекол аймагында YJA-Star аял жооптуусу жана миначы катары иштеген, ошондой эле террористтердин тизмесинде 500 миң лирага чейинки сыйлык менен боз категорияда орун алган «Арин» каймана аттуу Шүкран Алп экени аныкталды.

Террористтин зыянсыздандырылышы менен 31-майда Сиирттин Первари районунун Доган айылына террористтер тарабынан коюлган колго жасалган жарылуучу заттын жардырылышынын натыйжасында шейит болгон адис сержант Эржан Өзжандын каны  жерде калган жок.

Сирияда да 18 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Сирияда «Тынчтык булагы», «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» аймактарына кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГга мүчө 18 террористтин ийгиликтүү операциялар менен таасирсиз кылынганы белгиленди.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү Сүлеймание шаарында Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККнын жогорку даражалуу жетекчилеринен Делал Азизоглу жок кылынды.

Улуттук чалгындоо уюму бир нече күн мурда болсо Сүлайманиеде сириялык террорист Хусейин Шиблини таасирсиз кылган болчу.



Тектеш кабарлар