Мустафа Шентоп ТҮРКПА жыйынында сөз сүйлөдү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп дүйнөнүн түрк мамлекеттеринин үнүнө муктаж экендигин айтты.

1847984
Мустафа Шентоп  ТҮРКПА жыйынында сөз сүйлөдү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп дүйнөнүн түрк мамлекеттеринин үнүнө муктаж экендигин айтты.

Кыргыз парламентинин спикери Талант Мамытовдун жетекчилигинде Чолпон  -  Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер ассамблеясы ТҮРКПАнын 11  - Жалпы Кеңеш   жыйынында сөз сүйлөдү.

Шентоп дүйнөнүн согуш, ички баш  - аламандыктар, миграциялык кыймылдар, терроризм, климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, экологиянын булганышы сыяктуу маселелер менен бетме  - бет экендигине көңүлдөрдү бурду.

Глобалдык жана аймактык маселелердин чечилишинде көп үндүүлүктүн маанисине басым жасаган Шентоп, негизинен эл аралык система да ичинде болгон бут тосууларды ашып өтүү үчүн түрк мамлекеттеринин үнүнө муктаж экендигин белгиледи.

Биримдикте болуу, бирдикте аракет кылуу бере турган моралдык жана материалдык күчтү билишкендерин баса белгилеген Шентоп, ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин арасындагы транспорт желелеринин күчтөндүрүлүшүнүн атайын мааниге ээ экендигине ишенгендигин белгиледи.

Шентоп : «Эл аралык Чыгыш  -  Батыш ортоңку коридору жана Каспий өткөөлү Азербайжан  -  Нахчиван байланышы сыяктуу кадамдар менен бири  -  бирибиз менен тыгыз байланышта болуубуз керек. Бул да өлкөлөрүбүздүн соода, транспорт жана өндүрүш борборлору катары жогорулашынын алдын ачат. Өлкөлөрүбүздү бири бирине дагы жакындатат»,- деди.

Шентоп : «ТҮРКПАнын 15 жылдыгында, Түркия Республикасынын 100 жылдыгында ТҮРКПАнын Жалпы Кеңешин  Түркиянын өткөрүшүнөн кубанчтуубуз»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар