Чавушоглу менен Лапид биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1847511
Чавушоглу менен Лапид биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Израиль менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн деңгээлин элчи деңгээлине көтөрүү үчүн иш-аракеттерди баштагандарын билдирди.

Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Лапиддин сапарынын Түркия-Израиль карым-катнаштарын дагы да өнүктүрөөрүнө ишенгенин билдирген Чавушоглу, дипломатиялык өкүлчүлүк деңгээлин элчи деңгээлине көтөрүү үчүн иш-аракеттерди баштагандарын айтты.

Израилдиктерге каршы террор коркунучу темасына да токтолгон Чавушоглу Израиль менен коопсуздук темасында кызматташкандарын белгилеп: «Биз эч качан өлкөбүздө мындай окуяларга, мындай эсеп-кысапка, террордук кол салууларга жол бербейбиз»,-деди.

Чавушоглу Палестина маселеси үчүн да Түркиянын эки мамлекеттүү чечим сунушунун жарактуу экенин баса белгиледи.

Израилдин тышкы иштер министри Лапид болсо Түркияга саякат эскертүүлөрүн өзгөртүшөрүн, Израилдин элчисинин жакынкы келечекте Түркияга кайтуусу үчүн кадам таштагандарын айтты.

Лапид: «Кооз Стамбулга мекениңиздин кооз пляждарына суктандым. Жакынкы күндөрдө израилдиктер бул жерге кайтып келишет деп үмүттөнөм. Түркиянын жарандары да жакын арада Стамбулдан түз учак менен Кудска зыярат кыла алышат»,-деди.



Тектеш кабарлар