Ауреску: «Түркия менен кызматташуубуз Кара деңиз менен эле чектелбейт»

Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску Румыния менен Түркиянын эки маанилүү жээктеш өлкө экенин белгиледи.

1834244
Ауреску: «Түркия менен кызматташуубуз Кара деңиз менен эле чектелбейт»

Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску Румыния менен Түркиянын эки маанилүү жээктеш өлкө экенин белгиледи.

Кара деңизде Түркия менен бирге приоритеттеринин коопсуздук экенин белгилеген Ауреску: «Кара деңиздеги кызматташуубузга байланыштуу өнүгүүлөрдү, географиялык жайгашуубузду жана кошуналыгыбызды эске алышыбыз керек, бирок биздин кызматташтыгыбыз Кара деңиз менен эле чектелбейт, Румыния менен Түркиянын ортосунда абдан жакшы экономикалык кызматташтык бар. Өткөн жылы, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 8,6 миллиард долларды түздү.Биз муну көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Биз бул үчүн дагы көп нерсе кыла алабыз. Биздин ортобузда чоң максаттар бар»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө түрткү бере турган сүйлөшүүлөрдү улантышарын белгилеген Ауреску эки өлкөнүн ортосунда орток механизм түзүү идеясын да күн тартибине киргизгендерин айтты.

Түркиянын «энергия коридору» болуу жаатында маанилүү абалда экенин белгилеген Ауреску Түркия менен бир гана энергия жолдорун эмес, камсыз кылуу булактарын да диверсификациялоодо биргелешип иштешүүнү каалашкандарын айтты.

Богдан Ауреску дагы бир миллиондон ашык украиналык жарандарга каалгаларын ачкандарын айтты.

Украинадан ушул убакка чейин 1 миллион 50 миң кишинин Румыния чек арасына келгенин белгилеген Ауреску: «Биз жаңжалдардан качып биздин чек арага келген бардык украиналыктарды кабыл алдык. Бир миллиондон ашык адамды бекер жатакана, тамак-аш жана медициналык тейлөө менен камсыз кылдык. Балдарды мектепке бекер киргиздик. Ошол эле учурда майып университеттин студенттери дагы бар болчу, алардын окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү»,-деди.

Өлкөсүнүн украиналык баш калкалоочуларга жумшаган жардам көлөмүнүн 75 миллион еврого жеткенин белгилеген Румыниялык министр, качкындардын эмгек базарына киришине да шарт түзгөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар