Чавушоглу Румыния жана Польшанын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу террордун бардык түрүнө каршы күрөштөгү чечкиндүүлүктүн НАТОдо  даярдалган  жаңы стратегиялык концепцияда  орун алышы керектигин айтты.

1833638
Чавушоглу  Румыния  жана Польшанын тышкы иштер министрлери менен жолугушту
Turkiye-Romanya-Polonya.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу террордун бардык түрүнө каршы күрөштөгү чечкиндүүлүктүн НАТОдо  даярдалган  жаңы стратегиялык концепцияда  орун алышы керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркия-Румыния-Польша үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин Стамбулдагы жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда Украина маселеси жана  келерки айда Испаниянын   борбор шаары Мадридде боло турган НАТО саммитине карата күтүүлөрү менен алдыңкылыктары   сүйлөшүлгөнүн айтты. 

Терроризмдин НАТО жана союздшатарына карата эң чоң корунуч болгондугун баса белгилеген Чавушоглу Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу : "Биз Грециянын Македонияга  жасагандай бир өлкөнүн атынын өзгөрүшүн да  каалайбыз. Талабыбыз мыйзамдуу: террорго карата колдоону токтотуулары керек. Коргоо өнөр жайына карата чектөөлөрүн да жоюу керек",- деди. 

 

Түркиянын Швеция жана Финляндиядан бул тууралуу так кадамдарды күтүп жаткандарын күтүшкөндөрүн дагы бир жолу баса белгилеген Чавушоглу : "Түркияны эмне болсо да көндүрөбүз деген мамилеси туура болбойт. Террорго берген  колдоону токтотууга мажбур",- деди. 

Тышкы иштер министри НАТОдо даярдалган жаңы стратегиялык консепт тууралуу да : "Террордун бардык түрү менен күрөшүүгө карата чечкиндүүлүк жаңы стратегиялык консептте орун алышы керек",- деди. 

Мевлүт Чавушоглу үч тараптуу  жыйындан мурда Румыния менен Польшанын тышкы иштер министри Богдан  Ауреску жана Збигнев Рау менен өзүнчө жолугушту.

Мевлүт Чавушоглу Стамбулда президенттиктин Долмабахче иш алып баруу кеңсесиндеги сүйлөшүүлөргө байланыштуу Твиттерден берген маалыматтарында румыниялык кесиптеши Ауреску менен эки тараптуу жана Украина да болгон аймактык темалар тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгилеп : "Дипломатиялык  архивдик кызматташуу келишимине кол койдук",- деди. 

Чавушоглу польшалык кесиптеши Рау менен да эки тараптуу карым  - катнаштарды сүйлөшкөндөрүн айтып : "Жогорку деңгээлдеги  стратегиялык кызматташуу кеңешин түзөбүз",- деди. 

Кечээ министрликтен берилген маалыматта да Түркия  - Румыния  -  Польшанын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйынынын онунчусунун Түркиянын жетекчилигинде бүгүн Стамбулда өтөрү белгиленген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар