Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтер менен кагылышууда шейит болгон аскерлерибиз...
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
1831906
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтер менен болгон кагылышууда шейит болгон аскердин саны 5ке жетти.
Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«2022-жылдын 24-майында Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтер менен чыккан кагылышта 3 баатыр жолдошубуз шейит, 4 баатыр жолдошубуз жарадар болуп, дароо ооруканага жеткирилип, дарылоо иштери башталган",- деп айтылган.
Дарыланып жаткан дагы эки аскердин каза болушу менен шейиттердин саны 5ке жетти.