Акар:«Чеңгел-Кулпу операциясында жок кылынган террористтердин саны 100дөн ашты»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар чек ара сызыгында иликтөөлөрдү жүргүздү.

1832119
Акар:«Чеңгел-Кулпу операциясында жок кылынган террористтердин саны 100дөн ашты»

 

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар:«Чеңгел-Кулпу операциясында жок кылынган террористтердин саны 100дөн ашты, шейиттерибиздин канын, жакындарынын көз жашын жерде калтырган жокпуз»,-деди.

Министр Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында бир үңкүргө операция жүргүзгөнүн жана ушул убакка чейин таасирсиз абалга келтирилген террористтердин саны 100дөн ашканын айтты.

Чек ара сызыгында иликтөөлөрдү жүргүзгөн Акар: «Десанттарыбыз бир топ террористти үңкүрдө камады. Террористтердин Мехметчиктин «багынгыла» деген чакырыгына ок чыгарып жооп бергенинен кийин үңкүргө операция жүргүзүлдү. Бул операция менен «Чеңгел- Кулпу» операциясында жок кылынган террористтердин саны 100дөн ашты. Биз шейиттерибиздин канын, жакындарынын көз жашын жерге калтырган жокпуз, калтырбайбыз»,-деп айтты.

Кечээ «Чеңгел-Кулпу» операциясында 5 аскер шейит болду.



Тектеш кабарлар