Түрк жаранын Эл аралык космос станциясына (UUID) жөнөтүү процесси расмий түрдө башталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1831238
Түрк жаранын Эл аралык космос станциясына (UUID) жөнөтүү процесси расмий түрдө башталды
uzaya.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Улуттук космостук программасынын алкагында түрк жаранын Эл аралык космос станциясына (UUID) жөнөтүү процессин расмий түрдө баштады.

Президент Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

«Улуттук космостук программабыздын алкагында 1 түрк жаранын эл аралык космос станциясына жөнөтүү процессин расмий түрдө баштоодобуз»,-деп айткан Эрдоган:«Бул улуттук милдет болот. Космоско жиберген жараныбыз өзүнүн же Түркиядагы башка илимпоздордун гравитациясыз космос чөйрөсүндө жасоону каалаган илимий сыноолорду жана эксперименттерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун.

Бул улуттук миссияга кайрылуу үчүн биз uyuza.gov.tr ​​интернет дарегин түздүк. Бул кызматка 45 жашка чейинки Түркия Республикасынын бардык жарандары кайрыла алышат»,-деп маалымдады.

Арыздардын арасынан тандала турган эки талапкердин Түркиянын илим элчиси катары космоско чыгуу процесси үчүн керектүү бардык билимдерди ала турганын белгилеген Эрдоган:«Билим алуунун аягында эки талапкердин бири милдеттенген тарыхый миссиясы үчүн 2023-жылы эл аралык космос станциясына жөнөтүлөт. Асманга эң туура келген желек ай-жылдыздуу кызыл желегибиз экени талашсыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар