Илхам Алиев Зенгезур коридору тууралуу келишкендерин билдирди

Эрдоган да  Алиевге маалымат бергени үчүн ыракмат айтып,   сүйлөшүүдө жетишилген оң натыйжаларга ыраазычылыгын билдирди.

1831328
Илхам Алиев Зенгезур коридору тууралуу келишкендерин билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен темир жолу жана кургактык жолдорунун курулушу, Зенгезур коридорунун ачылышы тууралуу келишкендерин билдирди. 

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Илхам Алиев  президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жекшемби күнү өткөргөн жолугушуу тууралуу маалымат берди. 

Мишель жана Пашинян менен өлкөсү менен Армениянын ортосунда тынчтык келишиминин даярдалышы, эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын калыбына келиши, транспорт коридорлорунун ачылышы жана чек аралардын белгилениши  темаларынын каралгандыгын белгилеген Алиев сүйлөшүүгө оң баа бергендигин айтты.

Кечээ Азербайжан менен Армениянын ортосунда чек аралардын белгиленишине байланыштуу мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү тууралуу чечимге кол койгондугуна көңүлдөрдү бурган Алиев тараптардын темир жолу жана  кургактык жолдорунун  курулушу,  Зенгезур коридорунун ачылышы тууралуу келишкендерин айтты. 

Эрдоган да  Алиевге маалымат бергени үчүн ыракмат айтып,   сүйлөшүүдө жетишилген оң натыйжаларга ыраазычылыгын билдирди.

Аймакта тынчтыктын тез арада орношунун маанисин баса белгилеген Эрдоган менен Алиев Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды да сүйлөшүштү.

 

 



Тектеш кабарлар