Эрдоган: «Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1831148
Эрдоган: «Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакиске катуу каршы чыкты...

«Биз сөзүндө турган намыстуу саясатчылар менен иштешебиз»,деген президент Эрдоган: «Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок»,-деди.

Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Сөзүндө Греция менен карым-катнаштарга токтолгон Эрдоган:«Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнүн Европага кеткен жолу азыр Греция эмеспи? Учурда Грецияда 10го жакын (америкалык) база бар. Эмне үчүн бул базалар Грецияда түзүлүп жатат? Учурда Европа өлкөлөрүнө 400 миллиард евро карызы болгон Греция бар. Аны менен (март айында Стамбулда) жолуктук. Жолугушууда биз ортобузга үчүнчү өлкөлөрдү киргизбешибиз керек деп макулдашканбыз»,-деп айтты.

Грециянын премьер-министринин өткөн жумада Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жасаган сапарын эске салган Эрдоган:«Сенатта Түркияга каршы эмне керек болсо кылганы сыяктуу «Түркияга F-16ларды бербегиле» деп Америкага сунуштарын айтты»,-деди.

Президент Эрдоган: «F-16ларга келсек, АКШ Мицотакисти карап чечим чыгарбайт»,- деп айтып:«Биз Греция менен Стратегиялык кеңештин жыйынын өткөргөнү жатканбыз. Эми мен үчүн Мицотакис деген бирөө жок. Мен аны менен мындай жолугушууга эч качан макул болбойм. Мындан аркысын өзү ойлонсун»,- деди.



Тектеш кабарлар