Террор менен күрөшүү уланып жатат

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Шырнак жана Тунжелиде операциялар жүргүзүлдү.

1830616
Террор менен күрөшүү уланып жатат
pkk musul mit.jpg

Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына куугунтуктоочу ок аткан жана кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын  4 террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Террористтердин куугунтуктоо атуулары жазасыз калбайт. Тынчтык булагы аймагына куугунтуктоочу ок аткан жана кол салууга даярданган 4 ПКК/ЙПГ террористи десанттарыбыздын ийгиликтүү кийлигишүүсү менен таасирсиз кылынды»,делди.

Улуттук чалгындоо уюмунун (МИТ) операциясы менен да Ирактын түндүгүндөгү Мосулда жикчил террордук уюм ПКК/ХПГнын Махмур-Керкук-Сүлеймание аянты деп аталган аянт боюнча башкы жооптуусу террорист Мехмет Эрдоган жок кылынды.

MИT 2021-жылдан тарта Мехмет Эрдогандын Махмур лагеринде Хажы Мирза Али деген ат менен берилген жасалма күбөлүк менен жашаганын аныктады.

Бул аныктоодон кийин МИТ 2022-жылы 21-майда Махмурга жасаган операциясы менен Мехмет Эрдоганды таасирсиз абалга келтирди.

Мехмет Эрдоган 1990-жылдардан бери көп сандаган карапайым жарандарды жана аскерлерди өлтүрүүгө буйрук бергени үчүн «Конституциялык түзүлүштү кулатуу аракети» жана «Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу» айыптары менен издөөдө жүргөн.

Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында «Эрен блокада-5» операциясынын алкагында жикчил террордук уюмдан 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Шырнактагы Жандармерия аймактык командирлигинин координациясында командир бөлүктөрү тарабынан башталган операциянын алкагында Бестлер Дерелер аймагында 2 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы белгиленди.

Бир тараптан Тунжелинин Оважык районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда террористтер тарабынан колдонулганы аныкталган 10 баш калкалоочу жай жок кылынды.

Губернаторлуктун билдирүүсүнө караганда облустук жандармерия командирлигинин топтору «Эрен блокада-7 операциясы шейит жандармерия адиси сержант Бурак Тортумлу» операциясынын алкагында райондун айыл аймактарына операция жүргүздү.

Жерди издеген коопсуздук күчтөрү токой аймагында террористтер тарабынан колдонулаары аныкталган 10 баш калкалоочу жайды аныктады.

Жандармерия топтору баш калкалоочу жайларды жараксыз абалга келтирди.



Тектеш кабарлар