АКШнын Түркиядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Дипломатиялык булактардан алынган билдирүүдө:«АКШ элчилигинин кечээ (21-майда) Стамбулдагы митингдин алдында берген демонстрация эскертүүсү бизди тынчсыздандырды жана бүгүн (22-майда) министрлигибизге чакырылган АКШнын элчиси Жефф Флейкке билдирди»,делди.

1830428
АКШнын Түркиядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Элчилигинин Стамбулда кечээ болгон митингден мурда жасаган демонстрация эскертүүсүнөн улам ыңгайсыздык бүгүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган АКШнын элчиси Жефф Флейкке жеткирилди.

Дипломатиялык булактардан алынган билдирүүдө:«АКШ элчилигинин кечээ (21-майда) Стамбулдагы митингдин алдында берген демонстрация эскертүүсү бизди тынчсыздандырды жана бүгүн (22-майда) министрлигибизге чакырылган АКШнын элчиси Жефф Флейкке билдирди»,делди.

Элчи Флейкке, жогоруда айтылган демонстрация эскертүүсүндө, мындай митингдерде биздин коопсуздук бөлүмдөрүбүз тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу негизсиз дооматтар бар экенин белгилеп, бул боюнча ыңгайсыздыгыбыз билдирилди.

Элчиге укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ченемсиз күч колдонуусу олуттуу көйгөй болуп саналган АКШда болуп жаткан окуялар ачык көрүнүп турса да, саясий партиялардын митингдери биздин демократиянын эзелтен бери калыптанган салты болуп саналган өлкөбүздө бул жагынан маанилүү көйгөй болгону сыяктуу пикир жаратылуусу кабыл алынгыс экендиги, анткени аталган митинг кечээ эч кандай көйгөйсүз өткөнү  жана эч кандай окуя болбогону баса белгиленди.

Элчи Флейкке айрыкча АКШнын бийликтери тарабынан өз жарандарына карай келечекте бериле турган саякат/демонстрация эскертүүлөрүнүн фактыларды эске алуу менен даярдалышын күткөнүбүз айтылды».



Тектеш кабарлар